Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Бишкекте 5-кабаттан ыргытылган аялдын сөөгү табылды


4-сентябрдын түнү Бишкектин Сүйүнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан 25 жаштагы аял ыргытылып, каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнист Осмонбаев “Азаттыкка” билдирип, бул кылмышка шектүү делип 29 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалганын ачыктады:

- Бул иш боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан киши өлтүрүү беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү адам чет өлкөнүн жараны болуп жатат. Азырынча кайсы өлкөнүн жараны экенин так айта албайбыз, - деди Эрнист Осмонбаев.

Интернеттеги айрым маалымат булактары каза болгон аял атайын чаптагыч каражат (скотч) менен оролуп ыргытылганын, кылмышты жасады делген адам Ирандын, ал эми каза болгон аял Орусиянын жараны экенин жазып жатышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG