Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Нарында көчөдө соода кылган сатуучулар акцияга чыкты


Нарын шаарындагы борбордук базардын жанындагы көчөдө соода кылган 20 сатуучу бүгүн шаардын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучусу Алмагүл Асылбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, чогулгандар соода кылган жерди чечип берүү жана салыкты жеке адамга эмес, мамлекетке төлөө талабын коюшууда. Буга чейин ал көчөдө соода кылган сатуучулар жеке ишкерге салык төлөп, иштеп келишкен. Салыкты мамлекетке төлөп башташканда, жеке ишкер жер бербей баштаган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маселени тактагандан кийин комментарий бере турган болду. (ErB)

XS
SM
MD
LG