Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Каддафичилер Бани Валидди өткөрүп берүүдөн баш тартты


Ливиялык козголоңчулар Муаммар Каддафинин тарапкерлери менен багынып берүү боюнча сүйлөшүүнү токтотту. Каддафини колдогон уруу аксакалдары менен Бани Валид шаарындагы сүйлөшүүнү токтоттук, - деп билдирди Улуттук Убактылуу Кеңештин чабарманы. Бани Валид азыр козголоңчулардын камоосунда. Мурдараак Каддафинин өкүлү адаватчылардын колго түшүп берүү жөнүндөгү сунушун четке кагып, Бани Валид шаары согушту токтотпосун билдирген.

Маалыматтарга караганда, мурдакы режимдин көпчүлүк төбөлдөрү, атүгүл Каддафи өзү Бани Валидде баш калкалашууда.

XS
SM
MD
LG