Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Тажикстанда Сангтуда-2 ГЭСи ишке киргизилди


Иран президенти бакыйган дүйнө өлкөлөрүн Азия жана Африка мамлекеттеринин ички ишине киришет деп күнөөлөдү. Махмуд Ахмединежад мындай билдирүүнү Тажикстандын Сангтуда-2 ГЭСинин биринчи агрегатын пайдаланууга берүү аземинде президент Эмомали Рахмон менен чогуу катышып жатып жасады.

Иран гидроэлектростанциянын курулушуна 180 миллион доллар салган жана келерки 12 жылда ГЭСтин ишин жетектеп, андан соң башкарууну Тажик тарапка өткөрүп берет. Тажикстан курулушка 40 млн. доллар кошкон.

Ахмединежад ошондой эле: “Сангтудага окшош дагы бир ГЭС курулат, жаңы ГЭСтин өзгөчөлүгү: анда суу чогултулбай, айыл чарбасынын керектөөсү үчүн тынбай ага берет”,- деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG