Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Сирияда армия кайра элге тукурулду


Сириялык аскерлер өлкө ортолугундагы жана Түркиянын чек арасына ныпталаш шаар-кыштактарга жаңы жортуул жасады. Оппозиция активисттери менен жергиликтүү тургундардын айтымында, жортуул маалында бир нече адамдын өмүрү зобун болгон. Аскерлер жарандарды Түркияга өткөрбөө үчүн ок ачкан. Снайпер бир жаранды Түркия тарапка өткөндөн кийин атып өлтүргөн. Танктар коштогон аскерлер ортолуктагы Хомс жана Хама шаарларын да тинтүүгө алган.

Улуттар Уюмунун эсебинче, мартта президент Башар ал-Ассаддын башкаруусуна каршы чыгуулар башталгандан бери аскерлердин огунан 2200дөн ашуун адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG