Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Каддафинин эки уулу курчоодогу шаарды таштап кетти


Муаммар Каддафинин эки уулу камоодогу Бани Валид шаарын таштап кетишкени ырасмий маалымдалды. Ливиянын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Мустафа Абдул Жалилдин “Би-Би-Сиге” айтышынча, Сайф ал-Ислам жана Мутасим Каддафи ишемби күнгө чейин Бани Валидде болушкан. Бул шаар Триполиден 150 чакырым түштүк чыгыштагы чөлдөн орун алган. Муаммар Каддафи кайда экени белгисиз.
Бүгүн эртең менен Утурумдук өкмөт билдиргенге караганда, уруу аксакалдары менен Бани Валини өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаган.

НАТОнун Ливиядагы миссиясы өз вазийпасын ийгиликктүү бүткөргөнгө жакын калганын алянстын башкатчысы Андерс Фог Расмуссен билдирди.

XS
SM
MD
LG