Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Кадыржан Батыров Акматбек Келдибековду сотко берди


Өзбек улуттук маданий борборунун башчысы, азыр издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун үстүнөн доо арыз менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Анда доо ээси 2011-жылы Жогорку Кеңештин атайын июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиясы чыгарган бүтүмдү кабыл алып, бекиткени үчүн ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков жооп берүүгө тийиш деп белгилеп, андан 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары төрага маалымат каражаттары аркылуу Өзбек улуттук маданий борборунун Кадыржан Батыров баш болгон мүчөлөрү: И. Абдурасулов, Ж. Салахуддинов, К. Абдуллаева, М. Абакжанов, Х. Худойбердиев, Ж. Мирзоходжаев, У. Абдусаламов жана А. Акбаровдон кечирим суроого сот аркылуу милдеттендирүүлүсүн сураган. Өзбек улуттук маданий борборунун лидери өзүнүн Биринчи Май райондук сотуна жана прокуратурага жазган кайрылуусунда Жогорку Кеңештин төрагасы сот органдарынын ишине кийлигишти деп эсептейт. Кадыржан Батыров ошондой эле Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага кайрылуу жолдоп, июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмү боюнча 16-июнда кабыл алынган токтомдун 7,21-пункттарын жокко чыгарууну сураган. Өзбек улуттук маданий борборунун башчысы, азыр издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун кызыкчылыгын Кыргызстанда «Айкөл Манас» жана Сергий Радонежский атындагы укук коргоо борборунун башчысы Игорь Трофимов коргомокчу. Анын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул кайрылуу жана доо арыздар 22-август күнү даректерине жиберилген.

2010-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстанда кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы 16-июнда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. Анда 2010-жылдын июнунда болуп өткөн улуттар ортосундагы чыр-чатактар учурунда эл аралык укуктун жобосуна ылайык Кыргыз Республикасындагы геноцид, согуш кылмышы, адамгерчиликке (адамзатка) каршы кылмыш фактылары болбогону жазылып, улуттук жана сепаратисттик аракеттерге катыштыгы бар адамдар катары, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын май - июнундагы кайгылуу окуялардын негизги уюштуруучулары жана күнөөкөрлөрү К.Батыров, И.Абдурасулов, Ж.Салахудинов, К.Абдуллаева, О.Караматов, М.Абакджанов, Х.Худайбердиев, Ж.Мирзаходжаев, У.Абдусаламов, А.Акбаров болушкан деп эсептелинген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG