Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Шайлоого ЕККУ байкоочуларын Габсбург Дуглас баштап келет


ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын вице-президенти Габсбург Дуглас 30-октябрда Кыргызстанда өтө турган президенттикке шайлоого уюм атынан катышчу байкоочуларды жетектейт. Бул тууралуу ЕККУнун расмий билдирүүсүндө айтылган.

“Бакиевди бийликтен алып түшкөн былтыркы апрель айындагы окуялардан кийин Кыргызстанда биринчи жолу тынчтык жолу менен бийлик алмашуу жүргөнү жатат. Кыргызстан парламенттик демократияны көздөй багыт алды. Бул - аймактагы президент шайлоонун жүрүшүнө кийлигишпеген биринчи шайлоолор болот”, - деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

Габсбург Дуглас шайлоону утурлай 10-14-сентябрда Кыргызстанга алдын ала келип-кетиши күтүлүүдө. Шайлоо жыйынтыкталгандан кийин ЕККУ байкоочуларынын башчысы уюм атынан билдирүү жасайт. (ЕК)

XS
SM
MD
LG