Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Консерваланган эттен уулануу мүмкүндүгү эскертилди


Бул тууралуу республикалык санитардык көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Төлө Исаков “Азаттыка” билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМ тарабынан буга чейин Ысык-Көлдөгү абактагы адамдарга жана Каракол шаардык ИИБинин атайын курамы үчүн 30 миң даана консерваланган банка жөнөтүлгөн. Бирок милиция кызматкерлери бул эттин сапатынан күмөн санап жергиликтүү санитардык көзөмөлдөө кызматына кайрылганда, анда жугуштуу ичеги илдетин козгогучтар, стафилококк өңдүү микробдор табылган. Консервалардын бир даары атып кеткендиги да тастыкталган. Учурда бул азыкты жок кылуу маселеси чечилүүдө.

Санитардык көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Төлө Исаковдун билдиришинче, бул консервалар Бишкекте иш алып барган жеке менчик ишканалардын бирине таандык. Алдын ала маалыматтарга ылайык, консервалар сатыкка чыгарыла электиги айтылууда. (ЕК)

XS
SM
MD
LG