Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Акыйкатчы: абакта өлгөн Бизируковдун укуктары одоно бузулган


Абакта каза тапкан Маматазиз Бизируковдун өлүмүнүн себептерин иликтөөгө алган Акыйкатчы институту бүгүн бул боюнча билдирүү жасады. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы көрсөткөндөй, Оштогу убактылуу тергөө абагында Маматазиз Бизируковдун укуктуктары одоно тепселген. Ага убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн, каза тапкан. Акыйкатчы институту бул окуяга түздөн түз абактын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Исраилованын күүнөөсү бар экендигин айтууда.

Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында жаткан өзбек тектүү, 63 жаштагы Маматазиз Бизируков 2-сентябрда каза тапкан. Жергиликтүү уку коргоочулар маркумга сурак маалында кыйноолор болгондугун айтып чыгышкан. Бизируков былтыркы июнь окуяларындагы адам өлтүрүү, талап тоноо айыптары боюнча шектелип жатканы маалым болду.

Укук коргоо органдары Маматазиз Бизируковдун денесинде зомбулуктун белгилери жок экендигин далил кармап, ал жүрөк оорусу кармап каза тапканын айтышкан эле. (ЕК)

XS
SM
MD
LG