Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Гаагада генерал Перишич 27 жылга кесилди


Улуттар Уюмунун кылмыш трибуналы Югослав армиясынын башкы штабынын мурдакы акими, 67 жаштагы Мочило Перишичти 27 жылга эркинен ажыратты. Аны сот 1990-жылдардагы Балкан согушу кезинде Босния менен Хорватияда адамдарды өлтүргөн, куугунтуктаган жана карапайым элге чабуул жасаган деп тапты.

Мурдакы Югославия боюнча Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун билдиришинче, Перишич босниялык жана хорватиялык серптердин согуш кылмыштарын жасоосуна, анын ичинде Сребреницада 8 миң мусулман эркекти жана баланы жок кылууга, ошондой эле Сараевону 42 ай бою камоого алууга финансылык жана логистикалык жардам көрсөткөн.

"Генерал Перишич өз кызматын Серп Республикасынын армиясына логистикалык көмөк көрсөтүүгө үзбөй пайдаланган. Ал Серп армиясынын мусулман жарандарга каршы ырааттуу кылмыш жасаганын билип туруп, ушул кадамга барган,"- деген өкүмдү сот төрагасы Бэконе Молото окуду.

Сот үч жылга созулуп, 100дөн көп күбө көрсөтмө берген. 67 жаштагы Мочило Перишич өзүн күнөөсүзмүн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG