Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Премьер Атамбаев конуштарды өзү кыдырат


Бишкекти айланта курчаган конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, анда жашаган элди ичүүчү суу, унаа, жол жана электр жарыгы менен камсыз кылууга каражат бөлүнөт. Мындай тапшырманы премьер-министр Алмазбек Атамбаев 6-сентябрдагы өкмөттүк жыйында каржы министрине берди.
Борбор калаанын тегерегинде 47 жаңы конуш жайгашкан. Алардын көпчүлүгүндө суу, жарык жана жолдор жок болгондуктан, бул жаңы конуштардын тургундары акыркы убактарда байма-бай митингдерге чыгып келатышат. 7-сентябрда өкмөт башчысы бир катар конуштарды кыдырып, абалды өз көзү менен көрмөкчү болууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG