Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ЖК комитети судьялыкка талапкерлерди карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитети президент Роза Отунбаева Жогорку Соттун судьялыгына сунуштаган талапкерлерди карайт. Отунбаева 14 талапкерди парламенттин кароосуна берген болчу.

Сотторду тандоо кеңеши август айынын башында Жогорку Сотко 29, Конституциялык палатага 11 судьянын талапкерлигин тандап алып президентке жөнөткөн эле. Отунбаева Конституциялык палатага сунушталган талапкерлердин үчөөсүн парламентке сунуштаган. Депутаттар анын ичинен эки гана талапкерди колдогон.

Мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңеши тандаган судьялар алгач президенттин, андан соң Жогорку Кеңештин кароосунан өтөт. Кыргызстанда сотторду тандоо бир катар ызы-чуулар менен коштолуп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG