Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

БАЭде кармалган Көлбаев камактан бошотулганы кабарланууда


Бул тууралуу Көлбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Көлбаев Абу-Даби шаарындагы зер буюмдар дүкөнүн карактады деген айып такталган эмес. Ошондуктан мындан ары кармоого негиз жок болгондуктан 6-сентябрда бошотулган.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаевдин эркиндикке чыкканы тууралуу расмий маалымат жоктугун, бирок такталарын “Азаттыкка” билдирди.

Кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аттыккан Көлбаев Кыргызстанда издөөдө жүрөт. Ал 22-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын борбор шаары Абу-Дабиде кармалганы маалымдалган. Аны менен кошо Алмамбет Анапиев менен Адилет Касенов аттуу шериктери колго түшкөн. Башкы прокуратура кармалгандарды Кыргызстанга алып келүү үчүн документтерди жөнөткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG