Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

БШКга төрт талапкер топтолгон колдордун тизмесин тапшырды


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер: Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Жантөрө Сатылбалдиев жана Арстанбек Абдылдаев 30 миңден кол топтоп тапшырганын маалымдады. Дагы үч талапкер бүгүн тапшырганы жатканын билдирди.

Кыргыз мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес кол топтоп, күрөөгө 100 миң сом төлөп, мамлекеттик тил боюнча комиссиянын сынагынан өтүшү керек.

Кыргызстанда президенттикти эңсегендердин саны 80ден ашкан. Айрымдары арыздарын кайтарып алышкан. Он бир кишини БШК шайлоо фондун түзбөй койгонуна байланыштуу каттабай койгон. Соңку маалыматка ылайык, азыр 67 талапкер калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG