Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Дарыгерлер баткендик кесиптештери үчүн 2 млн. сом топтоду


Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, өлкөнүн бардык аймагынан дарыгерлер биригип Баткенде зилзаладан жабыркаган кесиптештерине жардам ирээтинде эки миллион сом чогултушту. Облуста жер титирөөдөн жабыркады дегендердин арасында 90дой медик бар. Алардын ондон ашыгынын үйү таптакыр кыйрап калган. Жер титирөөдөн Кадамжайдагы оорукана көбүрөөк жабыркаган. Саламаттыктык сактоо министри Сабырбек Жумабеков абал менен жеринен таанышуу үчүн 8-9-сентябрь күнү Баткенге барганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG