Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Делиде Жогорку соттун алдында бомба жарылды


Индиянын байтактысы Делиде Жогорку сот имаратынын алдында болгон жардыруудан бери дегенде 10 киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Расмий маалыматка караганда, портфелге катылган бомба эл чогулган учурда жарылган. Тергөөчүлөр Түштүк Азияда аракеттенген Харкат-ул-Жихад согушкер тобунун терактка тиешесин текшеришүүдө. Уюм жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган электрондук кат жөнөткөн. Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх кол салууну айыптады. Июлда Мумбаиде бир нече жардыруудан 26 киши жан таслим болгон. Ал кылмыштын бети азыркыга чейин ачыла элек.

XS
SM
MD
LG