Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

НАТО Ооганстандын айрым түрмөлөрүнө туткундарды өткөрбөйт


НАТОнун Ооганстандагы командачылыгы Ооганстандагы бир нече түрмөгө туткундарды өткөрүп берүүнү токтотту. БУУнун азырынча шардана кылына элек отчетунда ал жайларда кыйноолор колдонуп жатышы мүмкүн деген божомол айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, туткундарды уруп-сабап, электрошок колдонушкан. Кээ бирлерин зордуктоо менен коркуткан учурлар болгон. НАТОнун басма сөз катчысы маалыматтар текшерилмейинче, бир катар абактарга туткундар өткөрүлбөй турганын бышыктады. БУУнун Ооганстандагы миссиясы тарабынан даярдалган баяндама бир нече күндүн ичинде жарыяланат деп күтүлүүдө. Ооган өкмөтү мыйзам бузуу фактылары тууралуу кабардар кылынганын миссия өкүлдөрү билдиришти.

XS
SM
MD
LG