Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Майоркадагы шаарчада паранжыга тыюу салынды


Испаниядагы Са Побла шаарында шейшембиден тарта коомдук жайларда паранжы жана бети башын чүмкөгөн башка баш кийим кийүүгө тыюу салынды. Майорка аралында орун алган шаардын мэри белгилегендей, добуш берүүнү маданий же диний дискриминация деп сыпаттабаш керек. Бул - жөн гана коопсуздук маселесинен улам келип чыккан чара болду, - деди мэр. Са Побланын жашоочулары арасында болгону 2 аял паранжы кийип жүрүшөт. Буга чейин Испаниянын дагы бир нече шаарларында ушундай эле тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG