Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Назарбаевдин күйөө баласы Кулибаев саясий дымагы жоктугун билдирди


Казакстан президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаев жакыңкы келечекте саясатка аралашуу ниети жоктугун бүгүнкү пресс-конференцияда билдирди. Назарбаевдин экинчи кызы Динаранын күйөөсү Кулибаев мындан ары да ишкерлик менен алектенээрин айтты. «Мен бир дагы саясий партияга мүчө болгон эмесмин», - деп кошумчалады ал. Кулибаев мамлекеттик ири Самрук-Казына фондунун төрагасы. Анын карамагына «Казмунайгаз» жана «Казатомпром» компаниялары берилген. 71 жаштагы Назарбаев президенттик ордун ким басаары тууралуу азыр эч нерсе деп айта элек. Жакында ал мураскер кылып Кулибаевди тандады деген имиштер пайда болгон эле. Күйөө баласы Назарбаевдин ден соолугу жакшы экенин бүгүнкү маалымат жыйынында белгиледи.

XS
SM
MD
LG