Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Иранда маң заттарын саткан 4 кишини дарга асышты


Ирандын Керман шаарында маң заттарынын аткезчилиги үчүн айыпталган 4 киши дарга асылды. Бул тууралуу жергиликтүү “Шарг” гезити бүгүн кабарлады. Франс Пресстин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Иранда өлүм жазасына тартылган 184 айыпкердин өкүмү ишке ашырылган. Ирандын маалымат каражаттары былтыр 179 кылмышкер дарга асылганын айтышса, эл аралык укук коргоочу уюмдар бул сан мындан көп деп ырасташат. Соттун өкүмү менен өмүрүнөн ажыратылган адамдардын саны боюнча Иран Кытайдан кийинки 2-орунда турат. Тегеран өкмөтү өлүм жазасы мыйзам менен тарипти сактап туруу үчүн маанилүү деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG