Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Ярославда кыйраган учакта кеминде 43 киши набыт болду


Орус бийликтери Ярославль шаарынан алыс эмес жерде болгон авиакырсыктан кеминде 43 киши каза тапканын билдиришти. Маалыматка караганда, Як-42 учагы Ярославлдин “Локомотив” хоккей командасын ташып бараткан. Учакта 45 киши, алардын 37 киши хоккей команданын ойноочулары, калганы экипаж мүчөлөрү экенин Чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады. Аман калган эки кишинин абалы оор экени айтылууда. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Учак асманга жаңыдан көтөрүлгөндө кулап түшкөн. "Локомотив" Минскиде өчтү беттешүүгө бараткан. Команданын машыктыруучус – Канаданын жараны, оюнчулар арасында болсо Украина, Беларастун жарандары бар болчу.

XS
SM
MD
LG