Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы шайлоо тууралуу билдирүү жасашты


7-сентябрда БУУнун атайын өкүлү Мирослав Енча, ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Адам Коберацки жана Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Пьер Морель биргелешкен билдирүү жасашты. Анда аталган эл аралык уюмдар Кыргызстандагы президенттик шайлоо өлкөнүн тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеген. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстанда демократияны бекемдейт, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана элдин жашоосун көтөрүүгө багытталган реформаларды улантууга мүмкүнчүлүк берет деп айтылат. Билдирүү ээлери бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берүүнү ниет кылып жаткан мамлекет жетекчисинин аракети колдоого аларлык экенин белгилеп, бардык тараптарды шайлоону эл аралык талаптарга жооп берген, акыйкат, эркин жана ачык өтүшүн камсыздоого чакырган. Мындан тышкары алар улут аралык биримдикти жана ынтымакты сактоого да чакырып, өлкөдө башталган сот системасын реформалоо менен адам укугунун сакталышын да толук камсыздоону, июнь окуясы боюнча эл аралык комиссия чыгарган жана башка иликтөөлөрдүн жыйынтыгында берилген сунуштарды аткаруу жана ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG