Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Бүгүн журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнү


Буга карата Кыргызстандагы «Журналисттер» коомдук бирикмеси бир катар иш-чараларды уюштурмакчы. 9-сентябрда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жолугуп, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда журналисттердин ролу, алдыда келе жаткан президенттик шайлоо тууралуу ой бөлүшөт. Ишемби күнү Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы «Журналисттер аллеясында» маалымат каражаттарынын өкүлдөрү спорттун бир нече түрү боюнча мелдештерди өткөрүшөт. Журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнүнө карата бул иш-чаралар «Маалыматтарды эркин алмашуу» эл аралык уюмунун көмөгү менен уюштурулууда.

Эл аралык жана жарандык уюмдар Кыргызстанда журналисттердин тилектештиги жоктугун, маалымат каражаттары бийликчил жана оппозициячыл болуп эки жээкке бөлүнүп алышканын айтып келишчү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG