Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Бишкектин Горький көчөсүн элүүдөй адам бууп турат


Бишкектеги "Рухий Мурас" жаңы конушунун элүүдөй тургуну ушул тапта Горький жана Ауэзов атындагы көчөлөрдүн кесилишинде автоунаа өтүүчү жолду бууп турушат.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдашынча, жол тоскондор жаңы конушту ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жол салып берүү жана бала бакча ачып берүү талабын коюп жатышат.

2005-жылдагы жер басып алуудан кийин пайда болгон Рухий Мураста бүгүнкү күндө 800 гө жакын түтүн бар. Ал Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында, "Тунгуч" кичирайонунун жанында жайгашкан. Жалпы аянты 90 гектар жер. Анын 44 гектары Чүй облусунун Аламүдүн районуна, ал эми 50 гектары Бишкектин Октябрь районуна караштуу.

Жалпысынан шаардын тегерегинде 50гө чукул жаңы конуш бар. Алардын дээрлик баардыгында инфраструктураны жакшыртуу маселеси чечилген эмес.

XS
SM
MD
LG