Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Акенеев: “Газпром” айтса - аткарылат


7-сентябрда “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер кыргыз өкмөт башчысы менен болгон жолугушуусунда Орусия Кыргызстандан газ жана мунай чалгындоо иштерине 3 млрд. рубль жумшоого даяр экенин билдирди.

“Азаттык” буга улай Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев менен өлкөдөгү мунай, газ запасы тууралуу маектешти.

-Жумакадыр мырза, Кыргызстанда мунай менен газдын запасы канча өзү? Орусиянын аларды чалгындоо иштерине эле 3 млрд. рубль сарптоого даяр үмүтү акталабы?

- “Газпромдун” жетекчиси айтып аткан 3 млрд. рубль мындан үч-төрт жыл мурун кол коюлган келишимде айтылган. Анда да “Газпром” Кыргызстанга келип, мунай, газ издөө иштерине баш-аягы 300 млн. доллар сарптайт, эгер чыкса ири завод куруу, иштетүү тууралуу айтылып, эки тараптуу келишилип, кол коюлган. Кийин тилекке каршы келишпестик болуп, Орусия менен кол коюлган көп долбоорлор ишке ашырылбай, биз жакка Орусия тараптан анча-мынча басым болгон, мисалы күйүүчү майга экспорттук пошлина салынып дегендей. Мына азыр ошол мурда түзүлгөн келишимдер кайра ишке ашырылууга жакындап баратат. Өткөн жылы “Газпромдун” адистери келип, изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Кечээ да айтылып кетти, Кыргызстанда жетиштүү деңгээлде газ, мунай бар, ошолордун баарын дагы жакшылап изилдеп, издөө иштерин кеңейтсек биздин запас өзүбүздү камсыз кылууга жетет экен.

- Мындан мурда дагы Орусия Кыргызстандын отун-энергетика тармагындагы бир катар долбоорлорду ишке киргизип, ага инвестиция салууга даяр экенин билдирип келишкен. Бирок ар кандай себептер менен алар сөзүнүн өтөөсүнө чыкпай калып жатышты эле. Бул жолу алардын айтканы ишке ашарына сиз адис катары ынана алдыңызбы?

-Туура айтасыз. Төрт жыл мурун Орусия менен түзүлгөн келишимдер кол коюлганы менен аны ишке ашырууга келгенде кыргыз тарап баш тарткан. Орусия менен изилдөө жасайбыз деген, энергетика боюнча долбоорлорду ишке ашырууда ошол туштагы бийлик башка мамлекеттер менен келишим түзө коюп, баш тарткан. Мына эми жаңы бийлик келгенден кийин мурунку келишимдердин бардыгы жаңы сапат жагына ооп, ишке ашууга жакындап баратат.

“Газпромдун” эң башында турган киши жөн жеринен эле Кыргызстанда кен иликтейбиз деп айта койбойт, бул айткандан кийин сөзсүз түрдө 3 млрд. рублди иштетет, анын үстүнө ал Кыргызстанда “Газпромдун” өкүлчүлүгү жакында ачыларын айтып кетпедиби. Менимче, мунун баары боло турган иш, азырынча биз күйүүчү, майлоочу майдын бардыгын Орусиядан апкелип атабыз. Азыркы айтылып аткан долбоор 3-4 жылдын ичинде ишке ашып кетсе, анда Кыргызстан мунай жана газ менен өзүн-өзү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк ала алат. Миллер өзү айтып атат, мунай менен газды экспортко жөнөтүүгө да мүмкүнчүлүк болот деп айткандан кийин ал жөн жеринен айткан жок. Мен ойлойм, булар космос аркылуубу изилдөө жүргүзүшкөн, толук ишеничте туруп айтып атат.

- Өткөн июнь, июль айларындагы күйүүчү май таңкыстыгы Кыргызстан бул маселеде Орусиянын “Газпром” ишканасына канчалык көз каранды болуп калганы көрсөтпөдүбү. Эгер алар Кыргызстандын мунай, газ кендерин иштетип, кандайдыр бир деңгээлде ээлик кылып калса, жагдай кандай болот? Толук көз каранды болуп калуу коркунучу жокпу?

- Көз карандысыздыктын эки жагы бар, эгерде биз ошолорго көз каранды болуп, баалар өсүп, башка жактан ала албай кыйналсак, бир жөн эле. Экинчи жагынан, биз Орусиядан алып жаткан күйүүчү-майлоочу майдын баасы Орусиянын өзүндөгү, Казакстандагы баалардан арзан. Ошондуктан, монополия болобу, болбойбу, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу бардык аймакта болуп, баасы да арзан болсо, эч кандай тартыштык болбосо, мындай көз карандылыктан коркпой эле коюш керек.

- Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы Апас Жумагулов Базар-Коргон, Кочкор-Ата аймагында, Үч-Коргон ГЭСинин алдында 7-9 миң гектар жерде мунай, газ запастары бар деп “Азаттыкка” курган маегинде айтты эле. Чын эле ошондойбу?

- Менимче, бул туура. Себеби газ, мунай боюнча биздеги болгон төрт-беш адистин бирөөсү –Апас Жумагулов. Бул киши ошол тармактагы адистерди чогултуп, Кыргызстандын мунай, газ өндүрүшү боюнча мамлекеттик концепция жазып, Жогорку Кеңешке, өкмөткө алып чыкса, ошол боюнча иштетсек жакшы болмок. Булардын бардык сөздөрүнүн орду бар.

-Ушул тушта Кыргызстандын түштүгүндө бир катар чет элдик, алсак австралиялык ишкерлер мунай, газ чалгындоо иштерин жүргүзүп атышат. Деги эле чет элдик ишкерлерге кен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат кандай жолдор менен берилет?

- Лицензиялар биздин мыйзамдар боюнча берилет. Мунай, газ иликтөө лицензиялары бир катар чет элдик ишканаларга берилген. Бирок булар “Газпрпомдун” мунай, газ изилдөө иштерине карама-каршы келбейт, алар өздөрүнө тиешелүү жерлерди издешет.

“Газпром” болсо өзүнө берилген лицензияда көрсөтүлгөн жерлерди иликтейт. Эгер алар да запастарды таап калса, бул келечектеги кыргыз мунай өндүрүшүндө атаандаш ишканалардын түзүлүшүнө алып келет. Андай болчу болсо, мунайдын сапаты жакшырып, баасы арзан болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG