Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Жол бууган "Рухий Мурастын" тургундары тарап кетишти


Кабарчыбыздын маалымдашынча, бүгүн (8-сентябрда) эртең менен Горький көчөсүн бууп чыккан "Рухий Мурас" жаңы конушунун тургундары ушул тапта үйлөрүнө тарап кетишти. Аларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эки аптанын ичинде суу маселесин чечип беребиз деп убада кылды.

Суудан тышкары алар жол салып, бала бакча ачып берүүнү талап кылышкан болчу.

2005-жылдагы жер басып алуудан кийин пайда болгон "Рухий Мураста" бүгүнкү күндө 800 гө жакын түтүн бар. Жаңы конуштун жалпы аянты 90 гектар жер. Анын 44 гектары Чүй облусунун Аламүдүн районуна, ал эми 50 гектары Бишкектин Октябрь районуна караштуу. Жалпысынан шаардын тегерегинде 50 гө чукул жаңы конуш бар.

Алардын дээрлик баардыгында инфраструктураны жакшыртуу маселеси чечилген эмес.

Мурдагы күнү бир нече конушту кыдырып чыккан өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев келерки жылы мамлекеттик бюджетте жаңы конуштарды каржылоо үчүн атайын каражат каралаарын айтты.

XS
SM
MD
LG