Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Кадыржан Батыровдун соту бүгүн да болгон жок


Мурдагы парламент депутаты, Кыргызстандын Өзбек улуттук борборунун мурдагы вице-президенти Кадыржан Батыровго карата козголгон кылмыш иши боюнча сот бүгүн да болбой калды. Себеби, жабыркагандардын жактоочулары жана соттолуп жаткан тарап келген жок деп маалымдады "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев. Буга чейин алардын келишин камсыз кылуу үчүн материалдар Жалал-Абад облусутук сотуна жиберилген болчу. Кадыржан Батыров менен кошо дагы 5 адам былтыркы июнь окуясына себепкер катары соттолуп жатышат. Бирок, апрель айынан бери 6 жолу сот тараптар келбей жаткандыгынан улам жылдырылып келатат.

XS
SM
MD
LG