Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Премьер Атамбаев телеэкрандан түшпөй калды


Коомчулукта өлкөдөгү телеканалдар президенттикке ат салышууну көздөгөн өкмөт башчынын пайдасы үчүн көмүскө пиар жасап жатканы айтылууда.

Телеканалдардын жетекчилери болсо Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы катары мыйзам чегинде көрсөтүлүп жаткандыгын белгилешти.


Маалымат “машинасы” бир кишиге иштеп жатабы?

КТРК менен ЭлТР кайрадан эле бийликтин камчысына айланды. Кулак угуп, кужур кайнаган бийликтин убадаларын кайра-кайра эле берип жатат.


Президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кийинки учурда Коомдук биринчи каналда, ЭлТРде жана Бешинчи каналда жаңылыктардын баш каарманына айланып, анын ишмердигине кеңири орун берилип жатат. Мындай сын-пикирин айткан коомчулук өкүлдөрү Атамбаев маалымат мейкиндигинде атаандаштарына караганда үстөмдүк абалды ээлегендигин белгилешти.

Медиа талдоочу Асылбек Айтманбетов негизги маалымат каражаттары Атамбаевдин пайдасына иштеп жатышат деп сындады:

- КТРК менен ЭлТР кайрадан эле бийликтин камчысына айланды. Кулак угуп, кужур кайнаган бийликтин убадаларын кайра-кайра эле берип жатат. Өкмөт башчысы Атамбаевдин кайда барып, эмне дегендеринен бери тажабай көрсөтүп жатышат. Ал кишинин кызматынан пайдалануу менен “мындай иш кылып жатабыз, алдыда момундай пландар болуп жатат” дегендеринин бардыгы саясий жарнама эмей эмне? Ал кызматта туруп алып, болгон мамлекеттик маалымат ресурстарын мурдагыдай эле колдонуп жатат.

Бирок телеканалдардын жетекчилери Атамбаевдин өкмөт башчысы катары ишмердиги мыйзам чегинде чагылдырылып жаткандыгын айтышууда. Коомдук биринчи телеканалдын башкы директору Кубат Оторбаев Атамбаев талапкер катары күбөлүк алып, кызматын тапшырып бергенге чейин анын өкмөт башчылык ишмердигин чагылдыруу мыйзамга каршы келбейт деп эсептейт:

- Мыйзамдын өзүндө айтылгандай, Атамбаев каттоодон өткөндөн кийин гана кызматын тапшырып берет экен. Мына ошого чейин ал өкмөт башчысы катары милдетин аткарып жаткан учурда башка бийлик бутактарынын башындагыларды кандай чагылдырсак ошондой эле негизде чагылдырууга мыйзам жол берет. Ошондуктан анын эл менен жолугуп, өкмөттүн жыйналыштарын өткөрүп жаткан учурларын жаңылыктардан берип жатабыз.


Мыйзамдагы алешемдиктин натыйжасы


Мыйзамдын өзүндө мына ушуга окшогон жагдайлардын үгүт экендигин далилдөөчү жолдор аныкталбай калган.


Анткен менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюму кийинки бир жарым айдын ичинде эле Атамбаевдин аймактарга болгон иш сапарлары көбөйүп, анын ар-түрдүү иш-чараларга катышып, теледен тынымсыз сүйлөгөн учурлары катталгандыгын белгилейт. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунова муну өкмөт башчысы өлкө башчылыгына талапкерликке аттанган учурда кызматынан чегинүүсүн караган мыйзамдык чектөөлөрдүн алешемдиги менен байланыштырат:

- Биздин урматтуу өкмөт башчыбыз Атамбаевди мурда экрандын бетинен азыраак көрчү элек. Кийинки учурларда аны күн сайын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Себеби өкмөт башчысы кызматын таштап катталгыча эле биротоло шайлоого кетпегенден кийин ал кызматтык иш сапарын шылтоо кылып эл менен жолугушуп, кайсы бир иш-чараларга катышуу шылтоосу менен кеңири мүмкүнчүлүк алып олтурат. Мыйзамдын өзүндө мына ушуга окшогон жагдайлардын үгүт экендигин далилдөөчү жолдор аныкталбай калган.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкер болуп жаткан өкмөт башчынын телеканалдарга көп чыкканын кадыресе көрүнүш катары баалады. Анын айтымында, чет элдик тажрыйбада деле бийлик башындагылардын президенттике талапкер болуп катталганга чейинки ишмердигин маалымат каражаттары чагылдырып турат:

- Мына ошол эле демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө деле бийликтеги кызмат адамдары шайлоого бара тургандыгын жар салгандан кийин деле расмий катталганга чейин милдетин аткарып, өзүнүн ишмердиги туурасында коомчулукка маалымат берип турууга укуктуу. Бул табийгый нерсе. Анткени коомчулук мамлекеттик маанилүү жаңылыктарды билип турушу керек.

Мурдагылардан калган амалкөйлүкпү?

Мурда Акаев менен Бакиев деле шайлоо жакындаганда эле телеберүүлөрдөн түшпөй калышчу. Биз бул үгүтпү же эмне деп так ажырата албай калчубуз.

Ошол эле учурда президенттике талапкерлигин койууну көздөгөн башка атаандаштарга телеберүүлөрдөн чыгып, шайлоого байланышпаган жагдайлар туурасында сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгы айтылды.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бийлик кайрадан телеканалдарды көзөмөлдөп жатканын айтат:

- Мисалы үчүн мен бул бийликтин саясаты менен макул эмес экендигимди билдирип, кызматтан чегинишимдин себептери боюнча билдирүү жасасам, бир катар телеканалдардын өкүлдөрү келип тартып, бирок жаңылыктардан бири дагы беришкен жок. Мына ошонун өзүн эмне деп атоого болот. Бийликтегилер болсо мамлекеттик маалымат каражаттарын өздөрү каалагандай пайдаланышууда.

Талдоочулар шайлоо алдында негизги медиа булактарды ээлеп алган жагынан өкмөт башчысы Атамбаев мурдагы бийлик ээлеринен айырмаланбай калды дешет. Бирок өкмөт башчысынын ишмердигин чагылдыруу кызматтык зарылдык же кыйыр үгүт жүргүзүү экендигин так ажыратуу кыйын экендиги белгиленди.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев муну мурдатан калыптанган амалкөйлүк деп баалады:

- Мурда Акаев менен Бакиев деле шайлоо жакындаганда эле телеберүүлөрдөн түшпөй калышчу. Биз бул үгүтпү же эмне деп так ажырата албай калчубуз. Анткени алар кызматтык милдеттерин аткарып жатат, ошону коомчулук билип, алардын ишмердиги менен кабардар болуп туруш керек деген шылтоо бар болчу. Бул эми амалкөйлүк менен жасалчу өнөкөт болуп калган. Мында талапкер катары эмес, өкмөт башчысы катары сүйлөп жатат деген менен анын түбү барып эле үгүт экени көрүнөт. Бирок мына ошонун өзүн укуктук жактан далилдөө кыйын иш.

БШКнын маалымат кызматы болсо президенттикке талапкер катары расмий каттоодон өткөнчө ким болбосун өз кызматына жараша сөз айтууга, бирок мени шайлагыла, же президент болсом мындай кылам деген өңүттөгү чакырык таштоого акысыз экенин билдирди. Ошондуктан, бул учурда өкмөт башчысынын ишин чагылдыруу мыйзамга каршы келбей тургандыгын айтып, демек, ага эскертүү берүүгө негиз жок экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG