Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Басма сөз: Шайлоо кыргыздыкы


Гезиттер шайлоо алдындагы аракеттерди талдооого алышты.

“Кыргыз руху” гезити Азизбек Келдибековдун “Кыргыз саясатынын кара магиялары”, талапкерлерди какшыктаган “Какшык казан” жана “Беш бармак” деген макалалары жарык көрдү.

Отставкадагы полковник Имарали Кушматовдун бул жолку макаласы “Артка бир кылчайбай, келечекке кадам таштай албайсың” деп аталып, боз үйдү мамлекетке, түндүгүн элге, ууктарын ууруларга салыштыруу менен ууксуз түндүк көтөрүлбөстүгүн, келечектин ачкычы “Манас” дастанында жатканын баяндады.

“Жаңы агым” гезитинин кабарчысы Зайырбек Ажыматов кыргыз шайлоосуна көз салган Кремлдин эмнелерди айтып жатканынан кабарлап, Россиянын Борбор Азия менен Казакстанды изилдеп жүргөн институтунун бөлүм башчысы, Путиндин эң жакын аналитиги жана жакын сырдашы Андрей Грозин алдыдагы шайлоодо боло турган 3 негизги жагдайды бөлүп чыгып, Москва азырынча алдыга озо турган күлүктү көрө албай жаткандыгын, ошондуктан кимдир бирөөнү ачык колдоо тууралуу азырынча кеп жоктугун, үчүнчүдөн бир дагы талапкер биринчи турда шайлоочулардын 50 пайыз добушун алалбастыгын, андыктан Кыргызстанга келер сапарын чет элдик журналисттер экинчи турга же ноябрдын аягына мелжеп жатканын айтып жатат деп жазды.

Ушул эле гезиттен “Эрте учкан Атамбаев, эбегейсиз убадалар”, “Сорпосу соолуган соттор”, “Кумга сиңген тракторлор, куураган дыйкан”, “Демиткен депутат, айып ачкан ачендик” жана башка макалаларды окуй аласыздар.

“Фабула” гезити менен маек курган өкмөткө караштуу Монополияны жөнга салуу комитетинин төрагасы Бабырбек Жээнбеков 2008-жылы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Бакиев жаш баланы тебелетип алып, көп узабай ал бала каза болуп калганын жазып чыкканы үчүн “Алиби” гезитин айыпка жыгып, Бишкектин 1-Май райондук судьясы Давлетбаева деген айым “жаш бакиев” тарабынан гезитке салынган 1миллион сомду Жаныш Бакиевдин баласынын пайдасына бөтөнзордук менен “өндүрүп” бергенин, аталган сумманы төлөш үчүн Жээнбеков үйү менен 44 гектар жеринен айрылганын, балакай Бакиев салган азап-тозок кандайча болгонун армандады.

Жангороз Эсенгелдиевдин макаласы Бишкектин ичиндеги жарыя такталардын чалакайымдыгын сынга алуу менен мындай баннерлер Кыргыз мамлекетинин беделин көз көрүнөө түшүрүп келе жатканын кеп кылды.

“Алиби” гезитиндеги макаласында журналист Тынчтык Алтымышев Кадыржан Батыров, саясат, коопсуздук жана коргонуу маселеси тууралуу коңгуроо какты.

Саясый серепчи Орозбек Молдалиев маегин “Кыргыз эли Путин менен жолуккан саясатчыны шайлайбыз деп милдттенме алган эмес” деп атап, шайлоо эч кандай түштүк-түндүк жаңжалына айланбастыгын, кайрадан президенттик башкарууга жол жоктугун, анткени бүтүндөй дүйнө авторитардык жеке башкаруу эмне менен бүтөрүн мусулман өлкөлөрүнүн мисалынан көрүп жатканын, ал эми кыргыз эли эзели ханга тизе бүгүп жашаган элден эместигин, демек эркиндигин баарынан ыйык санаган мындай элге президенттик башкарууга караганда парламенттик башкаруу ыңгайлуу болорун белгиледи.

Орозбек Молдалиев ошону менен бирге эле идеология жөнүндө сөз кылып, идеология десе эле Маркстын манифестинде жазылгандай нерселерди түшүнбөш керектигин, Манастын “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” дегени эле эң чоң идея экендигин, кыргыздар кылымдардан бери миң түркүн улуттар менен алака түзүп, ар кайсы уруудан журт курап келгенин, бүгүн так ошол Манаска окшоп, эл-жерибиздеги башка улуттарды бир муштумга түйүп, Кыргыз мамлекетин күчтөндүрүш керектигин, ошондо гана алаканына салып алып, аркы-терки ойноткусу келген сырткы күчтөр таасир эте албастыгын, кудая шүгүр, бизде акырындап баары жакшы болорун белгиледи.

Гезит кабарчысы менен маектешкен сүрөтчү, мамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев мамлекеттик тууну күнкарамага айланткандар анын авторлору эмес, депутаттар болгондугун айтты.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргызстанда өз элин бага турган газ, мунайзаты бар. Россиянын “Газпром” компаниясы чалгындоо иштерин баштоого белсенип жатат” деген кабар менен
бүгүнкү санын ачты.

Гезит эгемендиктин 20 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн президент Роза Отунбаеванын сөзүн толук жарыялады.

Президент сөзүнүн аягында: “Шайлоо тынч өттү, анын эркин жана ачык болгонун баары моюнга алышты. Бүгүн өлкөдө кырдаал дагы эле талылуу. Бирок биз бүгүн мамлекет, эл катары бир жыл мурдагыдан, авторитардык бийлик учурундагыдан кыйла эле күчтүүбүз деп айталамын. Алдыдагы шайлоодо биздин жалпы умтулуубуз, улуу Манас бабабыздын осуятына ылайык, акыл чегиндеги кызыкчылыктардын теңдештиги, айкөлдүк менен жалпы биримдик болууга тийиш. Мына ушундай болгондо гана биз учурдун сыноосунан татыктуу өтө алабыз” деп айтты.

“Кыргыз туусу” андан кийин “Турак жайлар мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлөт”, “Башкаруу аппараты аз, бирок саз болуусу керек”, “Айыл чарбасынын беш долбоору жактырылды”, “Ажылыкты бизнес кылгандар азайат”, “Жакшы адамдын аты өчпөйт” деген макалаларын окурмандарга тартуулады.

Кыргыз эл баатырларынын, бир катар академиктердин жана мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайрылуусу “Мамлекеттин бүтүндүгү, элдин ынтымагы баарынан ыйык” деген ат менен жарык көрүп, кайрылуу ээлери үч соболду алдыга тартты.

Биринчиден шайлоого катышкан талапкерлерди, саясый күчтөрдү акыл-эстүүлүккө жана мыйзамды бекем сактоого, өз ара таймашты өчөгүшкөн эрегишке айландырбоого, элдин-жердин биримдигине доо кетирбөөгө,

Экинчиден калайык калкты өз укуктарын коргой билүүгө, ар кандай тил эмизген чакырыктарга, жеңил-желпи убадаларга азгырылбоого, мамлекеттин тагдыры ар бирибиздин колубузда турганын сезе билүүгө,

Үчүнчүдөн саясый партияларды бийлик үчүн умтулууну саясый күрөштүн курч майданына айлантпоого, элдин саясый бүйрүн кызытпоого, уруулук, жердештик ураанын көтөрбөөгө чакырып, көпчүлүк эл саясый тирешүүлөрдүн бутасына айланганда ар кандай ааламаттуу окуяларга кабыларын болуп өткөн трагедиялуу окуялар көрсөткөнүн, кандай гана күрөш болбосун мамлекеттин бүтүндүгү, элдин ынтмагы баарынан ыйык болорун дагы бир жолу шайлоого аттангандардын эстерине салды.

Айтылуу акын Сүйөркул Тургунбаев таланттуу жазуучу Дайырбек Казакбаевдин “Турар” басмасынан жарык көргөн эки томдук адабий мурасы тууралуу кеп салды.

Философ Чоюн Өмүралиевдин макаласы “Улуу курултай-улуу биримдик” деген аталыш менен басылды. Чоюн адаттагыдай эле жаңы идеяларды жая тартып, жалпыга жага турган жалгыз гана “Элдик Мамлекет” экендигин, бийликти эл менен бириктирмейин иш оңолбой тургандыгын өзүнүн оригиналдуу ойлорунда сунуш кылды.
XS
SM
MD
LG