Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Улуттук гвардиянын аскерлери уктап жаткан жеринен сабалган


Улуттук гвардиянын Көк-Жар айылынын жанындагы ок атып машыгуучу жайында болгон окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. 30-августта күзөттө кызмат кылган Максат Итибаевди, Нуртемир Болотбековду жана Сагынбек уулу Кумарбекти ИИМдин ички аскерлеринин кызматкерлери жана белгисиз бирөөлөр түнүчүндө уктап жаткан жеринен сабап кеткенин "Азаттыкка" Улуттук гвардиядан кабарлашты. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Ур-токмокко алынган аскелер ушул тапта Беш-Күңгөйдөгү аскердик ооруканада дарыланып жатышат. Аларга дарыгерлер мээси чайкалып, денесине залака тийген деп аныктама беришкен. Кылмышка шектүү деп 8 адам кармалды.(RK)

XS
SM
MD
LG