Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Он күндө күйүүчү май аткезчилиги боюнча 6 кылмыш иши козголду


Соңку 10 күн ичинде Баткен облусунда коңшу Тажикстанга мыйзамсыз түрдө күйүүчү май ташыган фактылар боюнча 6 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Зарылбек Рысалиев маалымдады. Анын айтымында, май ташыган автоунаа документтери боюнча Ошко чейин гана деп уруксат алганы менен, Баткенден, коңшу республика менен чектеш айылдардан кармалган. Козголгон кылмыш иштери боюнча материалдык сумманын жалпы көлөмү 65 миллион сомдон ашат. Кечээ өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев кара май аткезчилигине бөгөт коюу үчүн штаб түздү.(RK)

XS
SM
MD
LG