Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Нью-Йорк менен Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Адамдар Дүйнөлүк Соода борборуна жасалган чабуулдан кийин Бруклин көпүрөсү аркылуу качып баратат. 11-сентябрь, 2001.
Адамдар Дүйнөлүк Соода борборуна жасалган чабуулдан кийин Бруклин көпүрөсү аркылуу качып баратат. 11-сентябрь, 2001.

Нью-Йорк жана Вашингтондо 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук чабуулдардын он жылдыгы алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бейшемби күнү АКШнын Ички иштер министрлиги Кошмо Штаттарга “кол салуу мүмкүнчүлүгү” бар экенин, бирок бул кабар тастыкталбаганын маалымдады. Анын артынан эле маалымат
Террордук чабуулдардын он жылыдыгы жакындаганга байланыштуу Нью-Йорктун полициясы, Федералдык чалгындоо бюросу жана башка чалгындоо кызматтары күжүрмөн даярдык абалында иштөөгө өттү.
Нью-Йорк мэри Майкл Блюмберг

булактары АКШнын өзгөчө кызматтарына шилтеп, кеп Нью-Йорк менен Вашингтонго террордук чабуул жасоо тууралуу жүрүп жатканын кабарлашты.

10 жыл мурдакы трагедиянын өчпөгөн жаңырыгы

Он жыл мурда 11-сентябрда Кошмо Штаттарда болгон террордук чабуулдарда 3 миңге жакын адам курман болгон. Каргашалуу күнү жанкечтилер башкарган жүргүнчүлүү учактар Нью-Йорктогу
Террорчул учак менен сүзүп кыйраткан Дүйнөлүк Соода борборунун эгиз имараттары. Нью-Йорк, 1990

Дүйнөлүк Соода борборунун "Эгиз мунара" имаратын сүзүп, кыйраткан. Дагы бир учак АКШнын коргоо министрлигинин Вашингтондогу баш кеңсеси жайгашкан имаратты барып сүзгөн. Башка бир учак Пенсилванияда кулаган. Ошол учактын жүргүнчүлөрүн коркутуп жаткан египеттик Мухаммед Аттанын үнү:

- Бириң да кыймылдаба. Баары жакшы болот. Эгер кимдир бирөө бир эле ашыкча кыймыл жасаса, өзүнө жана учакка зыян кылат. Тынч отургула. Эч кимиңер козголбогула. Биз аэропортко кайтканы жатабыз. Ар кандай эси жоктукка барам деп аракеттенбегиле.

Ошондо жанкечти-террорчу 45 адамды өлүмгө айдаган.

“Ал-Каиданын” желдеттери 11-сентябрдагы кол салуунун 10 жылдыгын утурлай АКШда кайрадан террордук чабуул болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам президент Обама кыраакылык чараларын күчтөөнү буйруду.

Нью-Йорк полициясы күжүрмөн даярдыкта

19 миллион элдүү Нью-Йорктун полициясына коопсуздук иштерин бекемдөө үчүн кошумча каражаттар бөлүндү. Бул жөнүндө калаа мэри Майкл Блумберг өткөн бейшембиде пресс-конференцияда маалымдады:

- Террордук чабуулдардын он жылыдыгы жакындаганга байланыштуу Нью-Йорктун полициясы, Федералдык чалгындоо бюросу жана башка чалгындоо кызматтары күжүрмөн даярдык абалында иштөөгө өттү. Анткени террорчулардын жылдыкты жаңы сокку уруу үчүн пайдаланарын биз билебиз. Белгилеп айтаарым, ушу тапта террордук коркунуч бар экени ырастала элек. Ал болушу мүмкүн, бирок тастыктала элек.

Жарыяга ылайык, Нью-Йорктун аэро, авто, темир жол бекеттеринде, көпүрө-туннелдерде унаалар текшериле баштады. Калаанын тарыхый борбору Манхэттендин ар тарабына бардык зарыл аскерий куралдарды пайдалана билген полиция жайгаштырылды.
Дүйнөлүк Соода борбору террордук чабуулдан кийин. 21-сентябрь 2001

Бийлик өлкө деңгээлинде көрүлчү чараларды ойлонуштурууда. Лекин АКШнын аскерий базаларында коопсуздук чаралары жогорулатылды.

Федералдык бийликтердин айтышынча, террорчулар карасанатай ойлорун ишке ашыруу үчүн Вашингтон же Нью-Йоркто унаага жашырылган бомбаны колдонушу ыктымал.

АКШ бийликтери май айында Усама бин Ладен өлтүрүлгөндө, анын жабытынан табылган документтерге таянып, ал-каидачылар 11-сентябрды туштап, Кошмо Штаттарда террордук кол салууларды мерчемдеп жатканын эскерткен.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун учурду пайдаланып, эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча глобалдык конвенцияга кол коюну тездетүүгө кайра чакырды.

БУУ акыркы он жылда террорчулук, анын ичинде бомба чабуулдары, куралдуу басып алуулар, кыргын салчу куралдарды пайдалануу жана террорчуларды каржылоо боюнча ондогон келишимдерди кабыл алган. Анткен менен терроризм, же террорчулуктун аныктамасы боюнча тараптар мунасага келе албай, глобалдык конвенцияга кол коюлбай турат.

Пан Ги Мун Австралиядагы сапары учурунда маанилүү эл аралык келишимди кечеңдетүү “кечирилгис иш, себеби террорчулукту эч кандай жагдайда актап болбойт”, деди.

XS
SM
MD
LG