Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Кытайда укук коргоочу абакка кесилди


Укук коргоочу Ван Лихун Бээжинде баш-аламандыкты уюштурууга түрткү берген деп айыпталып, тогуз айга абакка кесилди.

55 жаштагы Ван соттун мындай өкүмүн арыздана тургандыгын билдирди. Ал 1989-жылы Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында демонстрацияга катышкандардын бири. Ушул жылдын апрел айында камакка алынган.

Укук коргоочу уюмдардын тобу Ван интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу активисттер менен байланышып, жандана баштаганы үчүн камакка алынды деп санашат.

Вандын иши боюнча сот жыйыны августа өтүп, ага чет элдик өкүлдөр менен журналисттер киргизилген эмес.
XS
SM
MD
LG