Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44
Azattyk Twitter

Обама Конгресске жумуш орундарын түзүү планын сунуштады


Бейшембиде президент Обама Конгрессте сүйлөп, өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүү планын сунуштады.

Президент Обама сунуштаган планда эмгек акыдан алынчу салыкты азайтуу, инфраструктураны жакшыртуу үчүн курулуштарды көбөйтүү, мектептерди модернизациялоо, жумушсуздарды колдоо каралат.

Планды орундатууга 450 миллиардга чукул доллар сарпталат. Обама сунушталган план жыл аягына чейин Конгрессте колдоо табат деп ишенерин дагы билдирди.

- Жаңы жумуш орундарын түзүү - өтө зарыл чара, ал АКШ экономикасындагы кризисти чечүүгө жол ачат.

АКШда учурда жумушсуздуктун деңгээли 9% чукул.
XS
SM
MD
LG