Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Бишкекте Улуу улуттук Курултай өтүүдө


Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтүп жаткан курултайга аймактардан 900 делегат чакырылган. Мындан тышкары ага конок катары 400гө чукул коомдук жана саясий ишмерлер катышууда.

Эки күнгө созула турган Курултайда күн деминдеги маанилүү социалдык-экономикалык маселелер талкууга алынып, курултай иш-чараларын өткөрүү маселелери боюнча сөз жүрмөкчү.

Уюштуруучулар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, курултай институтунун саясий күчүн арттырууну сунушташууда. Эртең, курултай соңунда президентик шайлоо алдында элге кайрылуу болору маалымдалды.

Иш-чарага “Элдик курултай”, “Кыргыз Эл биримдиги”, “Кыргыз чоролору”, “Аксакалдар кенеши” жана башка бир катар коомдук уюмдар демилгечи болушту. (ЕК)

XS
SM
MD
LG