“Алкайидачылар” жаңы кол салуу уюштурушу мүмкүн экен деген кооптонуудан улам Вашингтон, Нью-Йорк шаарларында бийликтер 2001-жылдагы террордук чабуулдардын 10 жылдыгы алдында коопсуздук чараларын күч алдырышты. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон “ишенимдүү, бирок ырасталбаган коркунучтар” иликтенип жатканын бышыктады:
– Мындай коркунуч бизди таң калтырышы керек эмес. Ал биздин зордукчул экстремизге каршы күрөшүбүздүн маанисин кайра эске салат.
Президент Барак Обама эртең Нью-Йоркто жана Вашингтондо болуп, мындан 10 жыл мурда уурдалган учактар менен жасалган чабуулдарда набыт болгон 3 миңге чукул кишини эскерүүгө катышат. Ал чабуулдар үчүн “ал-Кайида” террордук уюму күнөөлөнүп, көп өтпөй АКШ Ооганстанга согуш ачкан.