Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

2014-жылы Ооганстандан АКШ аскеринин кетиши талкууда


Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу эл аралык институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө “Карнеги” фонду уюштурган видеоаңгемелешүүдө Орусиянын саясат талдоочусу Виталий Наумкин “2014-жылда АКШ Ооганстандан чыгып кетсе, Борбор Азияда светтик жашоо токтоп калабы?” деген маселени көтөрдү.

Кыргызстандын президенттик аппаратынын анализдөө бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев азырынча Ооганстандан АКШ аскери чыгып кетсе эле талиптер бийликке келип калат деп айтуу эрте экендигин, бул өлкөнүн азыркы өкмөтү болушунча тынчтыкты сактоого аракет кыларын билдирди.

“Талиптер келип калган күндө да алар мамлекетти кантип башкаруу керек, мамлекеттик институттарды кантип колдоо керек, кантип экономикалык алакаларды түзүү керек деген проблемалар менен алектенет. Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге таасир этет деген диний-экстермисттик саясат экинчи планда калат”, - деди Орозбек Молдалиев.

АКШ президенти Барак Обама июнь айында жасаган кайрылуусунда Америкага кайтарылчу аскерлердин 10 миңи ушул жылдын аягына чейин, 23 миңи 2012-жылдын сентябрына чейин чыгарыларын айткан. Ушу тапта Ооганстанда АКШнын 100 миң аскери бар. Ооган аскерлерин өз өлкөсүн коргоого даярдоо 2014-жылга чейин уланат.
(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG