Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

US Open: дүйнөнүн эң мыкты эки теннисчиси беттешет


Биринчи саптагы серб Новак Жокович кечээ US Open беш жолу чемпион болгон Рожер Федерерди 6-7, 4-6, 6-3, 6-2 жана 7-5 эсептери менен утуп, финалга чыкты.

Дүйнөдөгү номер экинчи теннис оюнчусу, былтыр US Open чемпиону болгон испаниялык Рафаел Надал бул күнү британ Энди Мюррейди 6-4 6-2 3-6 6-2 эсебинде жеңип, эртең Нью-Йорктун Флашиң Мидоус стадионунда өтө турган финалдык оюнга жолдомо алды.

Жокович буга чейин Australian Open жана Вимбелдон оюндарында биринчи орундарды алган. Аялдардын таймашында бүгүн Австралиядан Саманта Стосур менен америкалык Серена Уиллиамс беттешет.

XS
SM
MD
LG