Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Миграциянын үй-бүлөгө тийгизген таасири талкууга алынат


"Борбор Азиянын айылдарындагы үй-бүлө образына миграциянын тийгизген таасири" деп аталган тегерек үстөл шейшемби күнү Борбор Азиядагы Америка университетинде болот. Ага Берлиндеги Эркин университетинен Антье Элизабет Крегер, Бахром Миркасимов жана Лира Сагынбекова катышып, бул маселе боюнча үч илимий иликтөө иши талкууга коюлат.

Талкууда ата-энеси мигрант балдардын абалы, мигранттардан келген акча каражаттарынын элет турмушундагы мааниси жана башка маселелер тууралуу кеп болот. Айрым маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Орусия, Казакстан жана башка чет мамлекеттерде 500 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG