Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Майда насыя алгандардын саны өсүүдө


Кыргызстанда микрокаржы уюмдардан насыя алгандардын саны өсүп жатат. "Азаттыкка" Улуттук Банктан кабарлашкандай, микрокаржы уюмдары быйыл жарым жыл ичинде эле кардарларына жаңыдан берген насыянын көлөмү 8,9 миллиард сомду түздү. Алардын кредиттик капчыгы, башкача айтканда, элдин колундагы насыянын көлөмү былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30 пайыздан ашуунга өстү. Ошону менен катар, адистердин айтымында, орточо үстөк пайыздар да жогорулап жатканы байкалууда. Мисалы, былтыр 31,7% болсо, быйыл 38ден ашууда. (RK/UE)

XS
SM
MD
LG