Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

МАГАТЭ бир апталык жыйынга чогулууда


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин бул жолку отурумунда Жапониянын Фукусима АЭСиндеги кырсыктан кийин дүйнөдө өзөктүк коопсуздукту сактоо боюнча жаңы пландын зарылчылыгы бар-жогу талкууланат. Фукусима АЭСи Жапония быйыл 11-мартта кабылган зилзала менен цунамиден олуттуу зыян тарткан соң, тышкы радиация чыгара баштаган. МАГАТЭнин Директорлор кеңешине Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы баяндама берилери күтүлүүдө.

МАГАТЭнин инспекторлору менен Батыш өлкөлөрү мурдагыдай эле Тегеран өзөктүк программасына жамынып алып, жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатабы деп тынчсызданат. Жыйында булардан сырткары Түндүк Корея менен Сириянын өзөктүк ишмердиги да каралмакчы.

XS
SM
MD
LG