Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

БШК: 100 миң сом баарына эле кайтарылып берилбейт


Президенттикке талапкер катары катталууну каалап, 100 миң сомдук шайлоо фондун түзгөндөрдүн бул акчасы баарына эле кайтарылып берилбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам боюнча, шайлоого катышып, бирок шайлоочулардын жалпы санынын 5 пайызына жетпеген добуш топтосо, ал талапкердин акчасы кайтарылбайт. Шайлоого чейин эле тил комиссиясынан өтпөй калгандарга да акчасы кайтарылып берилбейт.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага катышам дегендердин саны алгач 80ден ашып, кийин тил комиссиясынан өтпөй калгандар, шайлоо фондун түзө албай калгандар болуп, учурда 32-37 адам гана калды. "Так санын айтуу азыр мүмкүн эмес, себеби кол топтогон документтер текшерилип бүтө элек, мамлекеттик тил сынагынын расмий жыйынтыктары жарыялана элек", - дейт БШК өкүлдөрү. (RK)

XS
SM
MD
LG