Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Кара май аткезчилиги үчүн жоопкерчилик облжетекчилерге жүктөлдү


Кыргызстандан Тажикстанга токтобой жаткан кара май аткезчилиги үчүн биринчи жоопкерчилик күч түзүмдөрүнүн облустук жетекчилерине жүктөлдү.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйында Улуттук коопсуздук комитетинин, каржы полициясынын, Бажы жана чек ара кызматынын, прокуратуранын Баткен облустук жетекчилерин иштен бошотууну буйруду. Карай май аткезчилиги бүгүн өкмөттүн Коопсуздукту жана тартипти камсыздоо кеңешинин олтурумунда талкууланды. Премьер-министр төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Бажы биринчи күндөн бери жигердүү күрөшүүдө. Чек арачылар, ички иштер башкармалыгы жигердүү күрөшүүдө. Мага мындай күрөштүн кереги жок. Себеби акырында күйүүчү май аткезчилигине Атамбаев өзү калканч болуп жатат деп айтышууда.

Өкмөт бүгүнкү жыйынга даярдаган баяндамада Кыргызстанга импорттолгон күйүүчү майдын бир бөлүгү коңшу Тажикстанга контрабандалык жол менен соңку үч жылдан бери эле чыгарылып келгени, бирок акыркы кездери бул көрүнүш “өзгөчө кооптондурган деңгээлге” жеткени айтылган.

Расмий эсепке караганда, Баткен облусунун күйүүчү майга жети айдагы керектөөсү 13 миң тонна, бирок быйыл жети ай ичинде бул облуста катталган субъектилердин дарегине 35,5 миң тонна же керектөөдөн үч эсеп көп күйүүчү май жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда күч органдары мыйзамсыз жол менен чыгарылып бара жаткан 1200 тонна күйүүчү майды кармашкан. Калган 23 миң тонна күйүүчү май коңшу Тажикстанга контрабандалык жол менен өтүп кеткен деп эсептелинүүдө.

Бул мыйзамсыз ишмердикти бийликтин жогорку чөйрөсүндөгүлөр өздөрү калкалайт деген айыптоолор айтылып жүргөнү менен, азырынча конкреттүү ысымдар ачыктала элек.

Мурдараак Ички иштер министрлигинин башкармалык башчысы контрабанда менен ЖКнын “Ата Журт” фракциясынан депутаты Азамат Арапбаевге, ал эми “Ар-намыс” партиясынан депутат Камила Талиева биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тууганына тиешелүү фирмалар алектенгенин айтып чыгышкан. Бул билдирүүлөрдү депутат Арапбаевдин өзү жана өкмөттүн басма сөз кызматы четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG