Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

7-апрель окуясы боюнча сот уланат


Кечээ күнкү соттук териштирүүдө Бишкектин мэри Иса Өмүркулов күбө катары көрсөтмө берип, мурдагы бийлик оппозицияга каршы чагым кылганын билдирген. Бүгүнкү сот жараянында күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланат. Буга чейин 200гө чукул күбө көрсөтмө берүүгө үлгүрүштү. Алардын арасында убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да болду. Айыпталуучулардын адвокаттары кечээ сотто күбө катары өтүүчү убактылуу өкмөт мүчөлөрү көрсөтмө берери алдын ала маалымдалышын соттон өтүнүштү. Адвокаттардын белгилешинче, күбө катары өтүп жаткан убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө суроолор абдан көп жана алдын ала даярдыкты талап кылат.

7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү өткөн жылы ноябрь айында башталган. Процесс жаза аткаруу кызматынын көзөмөл департаментинин имаратында болуп жатат. Бул окуя боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 киши жоопко тартылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG