Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

"Мутакаллим": Жоолукчан кызды мектептен кубалап чыгарышты


Жаңы окуу жылынын башталышынан бери башына жоолук салынган кыздардын мектепте окуу укугу бузулуп, айрым жерлерде аларды сабактан кубалап чыккан фактылар катталганын бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Мутакаллим" мусулман аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы маалымдады. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата мындай даттануу-арыздардын саны 150гө жетти, SMS аркылуу да арыздар келип түшүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги кыздар жоолук салынбасын деген чектөө жок экенин, бирок окуучулар жалпы кабыл алынган бирдиктүү форма кийүү талабын аткарышы керек экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG