Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Транзиттик ташуулар борборунун каржысы ачык болот


Президент Роза Отунбаева эл аралык “Манас” аэропортундагы Транзиттик ташуулар борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш түзүүнү буйруду. Ал транзиттик ташуулар борборунун ишинен түшкөн финансылык агымдардын ачыктыгына көмөк көрсөтүүчү коомдук байкоочу орган болуп саналат. Кеңеш өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.

Борбор 2001-жылы АКШда болгон террордук актылардан кийин Ооганстанда "Майтарылгыс эркиндик" операциясын жүргүзүүгө көмөктөшүү максатында аскердик аба база катары ачылган. Учурда ал жерде 1200 аскердик кызматкер иштейт. Алардын 900 - америкалыктар. Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим боюнча, америкалык тарап "Манас" аэропортун ижарага алып пайдалангандыгы үчүн Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөп турушу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG