Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Эрдоган: Палестинаны таануу - араб мамлекеттеринин парзы


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Араб лигасынын тышкы иштер министрлери алдында сүйлөп, "Палестинаны таануу - араб мамлекеттеринин милдети, себеби Палестина Бириккен Улуттар уюмуна мүчө болууга арызын даярдоодо" деди.

Режеп Тайып Эрдогандын Араб лигасынын Каирдеги баш кеңсесиндеги сөзүндө Палестина жыл аягына чейин “өтө башка абалга” өтөрүн да айтты. Ал Израил өзүн өзү изоляциялап алганын жана түркиялык жарандардын өлүмү үчүн кечирим сурабагандан кийин “ жасаган кылмыштары үчүн жооп бериш керек” деп да кошумчалады.

Былтыр израилдик аскерлер Газага мыйзамсыз гумжардам тартып бараткан кемени токтоткону жатып, тогуз түрк жаранды набыт кылышкан. Ошондон кийин расмий Анкара Израил менен аскерий кызматташууну токтотуп, болочокто Газага жөнөтүлчү гумжардамды кемелер коштоп барат деп эскерткен.

Эрдоган Египетте ырасмий сапарда жүрөт. Андан ары Туниске жана Ливияга барат. Бул визит Араб мамлекеттери менен мамилени бекемдөөнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG