Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Италия Кытайдан инвестиция издөөдө


Италия өкмөтү өлкөнүн финансы министри Жулио Тремонти өткөн аптада Кытайдын эң чоң инвестициялык корпорациясынын башчысы (Lou Jiwei) менен кездешкенин тастыктады. “Файненшэл Таймс” гезитинин жазышынча, Римдеги сүйлөшүүдө Кытай тарабынан Италиянын өкмөттүк баалуу кагаздарын - бонддорду сатып алуу маселеси талкууланган.

Лондондо чыкчу гезиттин маалымдашынча, кездешүүдө стратегиялык италиялык компанияларды Кытайдын инвестициялоо мүмкүнчүлүгү да каралган. Береги инвестициялык компанияны Кытай өкмөтү башкарып, анын фонду 400 миллиард долларга бааланып жүрөт.

Расмий Рим финансылык кризистен улам эл аралык финансылык рыноктон кымбат насыя алууга мажбур болуп турат.

XS
SM
MD
LG