13-сентябрда Буэнос-Айреске жакын жерде болгон кагылышууда 11 жүргүнчү каза болуп, 200дөн ашууну жаракат алды. Жараат алгандардын отузу оор абалда болгондуктан дарыгерлер каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн деген чочулоосун билдиришүүдө. Аргентинанын Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, шаар айланасындагы автобус поезд өткөөлүнөн кесип өткөн учурда поезд менен кагышкан, ошол учурда экинчи поезд келип сүзгөн.